Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Сарууда нааразылык акциясы улана турган болду


Ушу тапта Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жыйын аяктады. Айылдын тургуну Абылас Үсөнбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, жыйында нааразылык акциясын мындан ары да улантуу чечими кабыл алынды. Буга чейин айылдын нааразы болгон тургундары айыл өкмөт имаратынын алдына үч боз үй тигишкен. Анда чогулган айыл тургундары 7-октябрдагы Караколдогу башаламандык учурундагы камалгандарды бошотуу жана Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду жокко чыгаруу талабын коюшкан. Ысык-Көл облустук милициясынан болсо аймакта абал тынч экенин кабарлашты.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центтера Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Бул башаламандык боюнча 23 адам кармалып, алардын ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалды.(BkA)

XS
SM
MD
LG