Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Сауд Арапстанда ажылык башталды


Ажылыкка барган кыргызстандык зыяратчылар

Ажылыкка барган кыргызстандык зыяратчылар

МЕРС вирусунун коркунучуна карабай, өлкөдө бүгүн эки миллиондой зыяратчы жылдык ажылык жөрөлгөлөрүн баштады. Алар бүгүн ыйык Меке шаарынан коңшулаш Минага унаа менен да, жөө да басып жөнөштү. Ал жерде зыяратчылар сыйынып эс алышкандан кийин эртең ажылыктын эң башкы окуясына – Арафат тоосуна чыгууга камданышат.

Былтыртан бери МЕРС вирусунан дүйнөдө 60 адам өлгөн болсо, анын 51и Сауд Арапстанда катталган. Ошон үчүн “зыяратчылар аны жуктуруп алышса, өздөрүнүн өлкөлөрүнө кайтканда дагы жайылтышы мүмкүн” деген чочулоо күч.

Сауд Арапстандын бийликтери медициналык жана жарандык коргоого быйыл өзгөчө көңүл бурушканын айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG