Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:18

Кара-Сууда шаар башчынын шайлоосу өтөт


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Кара-Суу шаардык кеңешине мөөнөтүнөн мурда шайлоо 18-августта өткөн. Анда добуш берүү жүрүшүндө Социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү менен “Өнүгүү” партиясынын мүчөлөрү ортосунда чатак чыгып, ок атылган. Милиция окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, ок атты, бычак сайды делген эки кишини камакка алган болчу. Шайлоонун жыйынтыгында Социал-демократтар, “Өнүгүү”, “Бир бол” жана “Замандаш” партиялары 7 пайыздык чектен ашып, жергиликтүү кеңешке өтүшкөн.
Бирок айрым партиялар шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өткөнүн, анын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирип чыккан.

Кыргызстандын шайлоо мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңеш депутаттары шаар башчысын тандайт.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG