Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Иран байытылган уранды өлкөдөн ташып чыгууга уруксат бербейт


Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи билдирди. Ал мамлекеттик маалымат каражаттарына сүйлөп жатып, Иран өзөктүк программа, байытылган урандын көлөмү, байытуу ыкмалары боюнча сүйлөшүүгө даяр болгону менен анын запастарын ташып чыгууга жол бербей турганын эскертти.

Аракчинин бул билдирүүсү ушул шейшембиде Женевада өтчү өзөктүк программа боюнча дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөрдүн алдында жасалды. Бул сүйлөшүү Хасан Роухани президенттик кызматка киришкенден бери алгач ирет өткөн турат. АКШ, Франция, Улуу Британия, Орусия, Кытай жана Германиянын өкүлдөрү кирген 5+1 форматындагы сүйлөшүүлөрдө Ирандын атынан башкы сүйлөшүүчү катары Тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф катышып келген. Бирок бул ирет Ирандын делегациясын Аббас Аракчи жетектери белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG