Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Сирия: "Кызыл чырымдын" ыктыярчылары уурдалды


"Кызыл Чырым" эл аралык комитети жети кызматкеринин Сирияда уурдалганын билдирди. Комитеттин маалыматында, кызматкерлер өлкө түндүгүндөгү Идлиб провинциясында жекшемби күнү уурдалган. Алардын алтоо "Кызыл Чырымдын" кызматкерлери, бирөө жергиликтүү ыктыярчы. Алар бул аймакка дары-дармек жеткирип, Дамаскка кайтып келаткан. Эл аралык комитет окуяны сынга алып, уурдалган кызматкерлерди тезинен бошотууга чакырды. Андан мурда Сириянын мамлекеттик маалымат каражаттары "Кызыл Чырымдын" кызматкерлерин козголоңчу согушчандар уурдаганын, мындай жол менен президент Башар Асадды жаманатты кылгысы келгенин жазып чыгышты. Маалыматка караганда, ыктыярчылар түшкөн унаа алгач аткыланып, андан соң алар колго түшүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG