Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Бишкекте “Манас оюндары” башталат


Бүгүн Бишкектеги "Ак кула" ат майданында спорттун улуттук жана элдик түрлөрү боюнча “Манас оюндары” аттуу мелдеш башталат. 19-октябрга чейин улана турган спорт оюндарында кыз куумай, тогуз коргоол, күрөш, тыйын эңмей, оодарыш жана ат оюндары боюнча мелдештер өтөт.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматы боюнча, иш-чара Ормон хандын 220 жылдыгына карата уюштурулууда. Мелдештер Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жана "Ак кула" ат майданында болот. Ага 700дөн ашуун спортчу катышат.

“Манас оюндарынын” жабылыш аземи 19-октябрь күнү А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги менен "Ормон хан" фонду тарабынан берилет. (SE\KMa)

XS
SM
MD
LG