Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Айрым укук коргоочулар эки соттун бошотулушуна макул эмес


Соттордун укук коргоо боюнча комитетинин төрайымы Бүбүайша Арстанбекова “Ата-Журт" фракциясынын үч депутатын актаган Бишкек шаардык сотунун эки судьясы - Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиевдин судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу адам укугун одоно бузду деп эсептейт. Анын айтымында, соттордун бошотулушунун артында саясий чечим да турган болушу мүмкүн. Буга байланыштуу майрамдан соң укук коргоочулар тийиштүү органдарга атайын кайрылуу жолдоону пландап жатышат.

Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев 12-октябрда кол койгон.

Буга чейин Соттор кеңеши аларды мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынышы керек деген чечим чыгарган.

Биринчи Май райондук соту Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду былтыр октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен соттогон. Кийин шаардык соттун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиев ал өкүмдү жокко чыгарып, депутаттарды актаган.

Жогорку Сот кайрадан райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Зулушев менен Сатиев боюнча маселени Соттор кеңешине кароого сунуштаган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG