Бишкектеги Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бүгүн Курман айтка карата майрамдык зыяпат өтөт. Муфтияттан кабарлашкандай, анда диний-маданий ырлар жаңырып, кеп-кеңештер айтылат. Диний окуу жайлардын студенттери тарабынан даярдалган сахна көрүнүштөрү тартууланат.
Кечеге өлкөнүн дин тармагындагы көрүнүктүү ишмерлери чакырылган. Саат 16:00дө башталчу кечени Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурууда. Кирүү акысыз. (SE)
Кечеге өлкөнүн дин тармагындагы көрүнүктүү ишмерлери чакырылган. Саат 16:00дө башталчу кечени Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурууда. Кирүү акысыз. (SE)