Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Оштогу ар бир мечитте мал союлат


15-октябрь күнү айт намазы окулгандан соң Ош шаарындагы ар бир мечитте курмандык үчүн мал союлат. Союлган малдын эти мечит тегерегинде жашаган колунда жок үйлөргө таратылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев билдирди.

Казынын айтымында, мындай чечим мечиттердин имамдары менен бирге кеңешилип, анан чыгарылган. Имамдар өз аймагындагы бардар кишилер жана жашоочулар менен кеңешип, мечитте бирден жандык союшат.

Ош шаарында учурда 60 мечит бар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG