Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:12

Ошто айдоочуларга бирдей кийим тигилет


Ош шаарындагы автобус жана маршруттук таксилердин айдоочуларына бирдей кийим тигилет. Учурда анын үлгүсү тандалып жатканын “Азаттыкка” шаардык транспорт агенттигинин жетекчиси Шайлообек Атазов билдирди. Анын айтымында, айдоочуларга униформа кийгизүү — жүргүнчүлөрдү маданияттуу жана сапаттуу тейлөө боюнча иш-аракеттердин бири. Тандалган кийимдер октябрь айынын соңунда тигүүгө берилет. Ага каражат маршруттук унаалар менен тейлеген ишканалар тарабынан төлөнөт. Келерки жыл башынан шаардык бюджеттен да акча каралышы мүмкүн.

Учурда Ошто 970 маршруттук такси, 150 автобус, 12 троллейбус бар. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG