Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

Лагард АКШдагы карыз кризисинин коркунучун эскертти


Эл аралык валюта фонду - МВФтин башчысы 17-октябрга чейин АКШдагы бюджеттик кризис жөндөлбөсө, глобалдык экономикада “олуттуу кыйроо болот” деп эскертти. Жекшемби күнү АКШ Сенатында фискалдык кризис боюнча сүйлөшүү улантылды. Кристин Лагард айым: “Эгер кыйроонун жышаанасы болуп, ишенимсиздик жаралып, АКШнын кадамында ишенбөөчүлүк пайда болсо, бул жалпы дүйнөдө массивдүү кыйроо болот дегенди билдирет. Кайра рецессияга кабылуу коркунучу жаралат",- деди АКШнын Эн-би-эс телеканалына.

Сенаттагы демократтардын лидери Гарри Рейд республикачылардын башчысы Митч МакКоннелл менен болгон сүйлөшүү “мазмундуу” өткөнүн билдирди. МакКонел жекшемби күнү демократтарды өкмөттүн карыз лимитин көтөрүүгө жана өкмөттүк мекемелердин иштөөсүнө мүмкүндүк берүү үчүн эки партия иштеп чыккан планды кабыл алганга үндөгөн. Кытайдын өкмөттүк Синхуа агенттиги Конгрессти "туңгуюктан чыкканга" чакырып, дүйнөнү Америкадан оолактоого убакыт келди деп жазды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG