Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Обама ажыдагы кыргызстандыктарга амандык каалады


Курман айт майрамына карата АКШ президенти Барак Обама куттук айтып, Кыргызстандан ажыга аттанган жарандарга амандык тиледи. Ушундай каалоо жазылган телеграмма бүгүн президент Аламазбек Атамбаевке жөнөтүлгөн.

Ошондой эле кыргызстандыктарды куттуктап, Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринин өлкө башчылары да телеграммаларды жөнөтүшкөн. Алардын баары кыргызстандыктарды мусулмандардын майрамы менен куттуктап, ынтымак-ырашкерлик каалаган жана мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө тилектештик билдирген.

Кыргызстанда Курман айт 15-октябрда белгиленет. (SE)

XS
SM
MD
LG