Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Малайзия мусулмандары "Алла" сөзүн католиктер колдонгонго каршы


Малайзиянын апелляциялык соту өлкөнүн мусулман эмес жамааты Кудай жөнүндө кеп кылганда “Алла” сөзүн колдоно албайт деп чечти. Бул чечим Малазиянын биринчи инстанциядагы сотунун 2009-жылкы өкүмүн жокко чыгарат. Сот анда малай тилдүү католиктердин гезитине христиан дини тууралуу жазганда “Алла” сөзүн колдонгонго уруксат берген. Буга нааразы болгон өлкөнүн мусулман көпчүлүгү апелляциялык соттун өкүмүнө каршы өнөктүктү баштаган.

“Мусулман катары “Алла” сөзүн коргоо биздин диний парзыбыз. Ошон үчүн ыйык сөздү коргойлу деп, бул жерге чогулдук,”- дейт Путражая шаарынын 39 жаштагы тургуну.

Малайзия өкмөтү “Алла” деген сөздү мусулмандар гана колдонууга тийиш, башка диндегилер ыйык сөздү мусулмандарды өз динине өткөрүү үчүн пайдаланышы мүмкүн дейт. Малайзиялык тарсалар алар малай сөздөрүн бир нече кылымдан бери колдонуп жүргөнүн, сот чечими улуттук азчылыктардын укугун бузуу экенин айтышууда.

XS
SM
MD
LG