Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Жалал-Абадда окуучу бала мультфильм тартты


Жалал-Абад шаарында 11-класста окуган Акылбек Бекмолдоев “Акылдуу бала” деген аталышта мультфильм тартты. Сценарийин атасы Бекмолдо Чотонов “Акылдуу бала жана хан” аттуу жомоктун негизинде жазган.

Акылбек мультфильмди заманбап каражаттардын негизинде 2D форматында жараткан. Кийинки тасмасын 3D ыкмасында тартууну көздөп жатат. Бул жаатта билимин өркүндөтүү үчүн Жапонияга окууга бармакчы.

Акылбек Жалал-Абаддагы Раатбек Санатбаев атындагы гимназия-мектебинде билим алат. Ата-энеси аны окууга жөнөтүү үчүн демөөрчү издеп жатат. Акылбек тарткан мульфильм учурда облустук телеканал аркылуу көрөрмандарга тартууланууда. (SE/YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG