Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Бүгүн Курман айт


Буга байланыштуу Айт намазы Бишкекте Эски аянтта окулду. Ага Муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев, Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, Бишкек мэри Иса Өмүркулов баштаган бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары катышты. Курман айт намазы өлкөнүн башка аймактарындагы борбордук мечиттерде да окулду. Президент Алмазбек Атамбаев болсо жылдагыдай эле айт намазды кичи мекени Аламүдүн районундагы Арашан айылына барып окууру кабарланган.

Кечээ президент менен өкмөт башчы, Жогорку Кеңеш төрагасы Кыргызстандын элин Курман айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бейпилдик каалаган.

Курман айт мусулмандар байыртан бери белгиленип келген ыйык майрамдардын бири. Бул күнү колунда бар мусулмандар кудайга берилгендигин далилдеш үчүн курмандык чалышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG