Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Орусияда 1600гө жакын мигрант кармалды


Орусияда Москва полициясы 1600гө жакын мигрантты кармады. Мындай камоолор жекшемби күнкү Бирюлево районундагы тополоңдон соң орун алды. Тополоңдун чыгышына орус жигитти кавказдык өңдүү бирөө сайып кетти деген каңшаар негиз болгон. Анда жүздөгөн улутчул жаштар жер-жемиш базасына чабуул жасап, анын айланасындагы машинелерди оодарып, айнек-терезелерди талкалап, полиция менен кагылышкан.

Башаламандыктан соң полиция кеминде 380 адамды кармады. Алардын көпчүлүгү улутчул маанайдагы жаштар жана футбол фанаттары. Дүйшөмбү түнү да Бирюлеводо 200гө жакын адам көчөгө чыкты. Полиция алардын 10ун камакка алганы айтылды. Москвадагы мигранттардын укугун коргоочу уюмдар этностук себептен улам зордук-зомбулук күчөгөнүн эскертти. Орусиянын акыйкатчысы Владимир Лукин болсо орус жарандары башка улуттагылар менен биргеликте жашоого үйрөнүшү керектигинин белгилеп, этностук маселени шылтоо кылып, өлкөнү жок кылуу аракеттерине каршы турууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG