Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Президенттин аппараты соттор боюнча түшүндүрмө берди


Президенттик аппараттын Сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаеванын айтымында, Бишкек шаардык сотунун судьялары Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиевди кызматтан бошотууну саясатташтырууга негиз жок. Башмыйзамга ылайык, Соттор кеңеши судьяларды кызматтан алуу чечимин кабыл алган соң, президенттин бул чечимди четке кагууга укугу жок болчу:

-Мыйзамда президенттин чечимден баш тартуу тартиби же башка механизмдери каралган эмес. Президенттин соттор кеңешинин чечимин колдобой койуусуна мүмкүнчүлүк жок. Бул маселеде президент администратордун милдетин аткарып, Соттор кеңешинин чечимин гана бекитип атат.

Бирок мурдагы Юстиция министри Марат Кайыпов мындай пикирди четке кагып, Сатиев менен Зулушевдин иштен бошотулушу саясий негизде болгонун, Соттор кеңешинин чечимин четке кагууга президенттин укугу болгонун билдирүүдө.

Алмазбек Атамбаев 12-октябрда Бишкек шаардык сотунун эки судьясы - Курманкул Зулушев менен Медербек Сатиевди судьялык кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошоткон. Бул эки судья оппозициялык “Ата-Журт" партиясынын мүчөлөрү Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган. Бирок Жогорку Сот бул чечимди бузуп, “Ата-Журттун” мүчөлөрүн бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен 1-1,5 жылга чейин кесип, Зулушев менен Сатиев боюнча маселени Соттор кеңешине кароого сунуштаган. Соттор кеңеши аларды мөөнөтүнөн мурда кызматынан алынышы керек деген чечим чыгарган.(BkA)

XS
SM
MD
LG