Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:53

Сирия: уурдалган 4 ыктыярчы бошотулду


Сирияда согушчандар уурдаган “Кызыл чырым” эл аралык комитетинин үч кызматкери жана Кызыл Ай коомунун бир ыктыярчысы бошотулду. Эл аралык комитет калган үч кызматкердин тагдыры белгисиз бойдон калып жатканын билдирип чыкты.

Комитеттин 6 кызматкери жана ыктыярчы өлкө түндүгүндөгү Идлиб провинциясында жекшемби күнү уурдалган. Аларды козголоңчу согушчандар колго түшүргөнү белгилүү болгон. Ал ортодо дүйшөмбүдө Сирия химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун толук укуктуу мүчөсү болду. Муну менен Сирия 2014-жылдын ортосуна чейин химиялык куралды жок кылуу боюнча милдеттенмени аткарууга дагы бир кадам жакындады.

Президент Башар Асад Сирия 1997-жылдан бери химиялык куралды өндүрүүнү токтотконун билдирип чыкты. Ал ортодо АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри тезинен Сирия боюнча тынчтык конференциясын өткөрүүгө чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG