Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Сүйүнбай Эралиев 92ге чыкты


Кыргыз Эл баатыры Сүйүнбай Эралиев бүгүн 92 жашка чыкты. Ал 1921-жылдын 15-октябрында Таластын Үч-Эмчек айылында туулган.

Акындын ырлары 1939-жылдан тарта жарыялана баштаган. Алгачкы жыйнагы «Биринчи жаңырык» деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн. Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган «Жылдыздарга саякат» поэмасында пайдаланган.

Акын көп жыл гезит-журналдарда, жазуучулар союзунда иштеген.
1974-жылы Кыргыз эл акыны наамын алган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III жана I даражалуу Манас, “Элдердин достугу” ордендеринин ээси. 2000-жылы элдердин достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстандын “Алтын көпир” эл аралык сыйлыгына татыган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген. Учурда Бишкек шаарында жашайт.

Акындын “Ак мөөр” лирикалык поэмасы эл арасында белгилүү.
Кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде 4 китеби жарык көргөн. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG