Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:05

Москва: базарларда кармалган 8 кыргызстандык бошотулду


Бул тууралуу “Азатыкка” Кыргызстандын Орусиядагы элчилигиндеги вице-консул Алмаз Букалаев кабарлады. Анын айтымында, Москва полициясы жашылча-жемиш базарларында колго түшүргөн борбор азиялык жана кавказдык мигранттар арасында жалпысынан 14 кыргызстандык жаран болгон. Алардын сегизи бошотулду жана Орусияда жүргөн мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу административдик жазага тартуу боюнча бир адамдын соту бүгүн болмокчу.

Жекшемби күнү Москванын Бирюлево Западное районунда акыркы үч жылдагы мигранттарга каршы чоң тополоң болгон. Кагылышта 23 киши, анын ичинде сегиз полициячы жараат алган. Полиция базардагы машинелердин биринен 3 миң рублден көп акча (93 миң доллар), бычактар, бита (бекем таяк), үч ок атуучу курал табылганын билдирди. Тополоңдун чыгышына орус жигитти кавказдык өңдүү бирөө сайып кетти деген каңшаар негиз болгон. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG