Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Атамбаев менен Кожара шайлоо тууралуу сүйлөштү


Президент Алмазбек Атамбаев Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун учурдагы төрагасы, Украинанын тышкы иштер министри Леонид Кожараны кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму менен Кыргызстандын алакасы демократиялык өзгөрүүлөрдү жайылтуу жаатында бекемделип баратканын айтты.

Президенттик аппараттын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашкандай, сүйлөшүү жүрүшүндө алдыдагы шайлоолор тууралуу сөз болду. Шайлоо жараянын жакшыртууга багытталган биргелешкен пландар талкууланды.

Түшкө чейин Кожара Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен да жолугушкан. (SE)

XS
SM
MD
LG