Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Ажыга кеткендер жума соңунда кайтат


Ажылык сапарга аттанып кеткендердин алгачкы тобу ушул жекшемби – 20 -октябрда Кыргызстанга кайтат. Калгандары эки жума аралыгында келет. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттан маалымдашты. Буга чейин зыяратчылар 17-октябрдан тарта артка кайтаары кабарланган болчу.

Ажыларды “КыргызТрансАвиа” компаниясынын учактары ташыйт. Ажыга аттангандардын биринчи тобу 17-сентбярда учуп кеткен. Ош жана Бишкек шаарларындагы аэропорттордон жалпысынан 19 авиарейс аткарылган.

Учурда Сауд Арабстанда үч жарым миңден ашуун кыргызстандык ажылык амалдарын аткарып жүрөт. Октябрдын башында алардын арасынан 74 жаштагы карыя жүрөгү кармап, каза болгон. Сөөгү ошол жакка коюлган.

Учурда башкалардын саламаттыгы жайында экенин Кыргызстандын Арабстандагы ажылык штабынын жетекчиси Максат ажы Токтомушев билдирди. (SE)

XS
SM
MD
LG