Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Өгөй атасын балта менен чапкан жаран камалды


Чүйдүн Москва райондук соту жергиликтүү 18 жаштагы жарандын үстүнөн кылмыш ишин козгоду. Ал өгөй атасын балта менен башка чапканы үчүн жоопко тартылышы мүмкүн.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан бүгүн “Азаттыкка” кабарлашкандай, 13-октябрь күнү Винсовхоз айылынын тургуну 44 жаштагы өгөй атасын балта менен башка чапкан.

Кармалган жаран атасынын көп ичкенинен жадап, ушул ишке барганын билдирген. Ал азыр убактылуу кармоочу жайда. Жабырлануучу ооруканада жатат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG