Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Иран ядролук сүйлөшүүдө жаңы сунуш киргизди


Европа биримдиги билдиргендей, Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнүн жаңы айлампасынын башталышында Тегеран бул программага байланышкан талашты жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштар менен чыкты.

Биримдиктин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Михаел Манн бул тууралуу Женевада өткөн эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин билдирди.

- Бизге Ирандын ядролук согуштук программасы жок экендигин далилдеп беришин каалайбыз. Көздөгөн максат азыр ушул,-деди Манн.

Өкүл сүйлөшүү жыйынтыктуу болоруна «чектелүү оптимизм» билдирди, бирок башка маалымат берген жок.

Сүйлөшүүгө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана ошондой эле Германия катышып жатат.
XS
SM
MD
LG