Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Москва: тополоң боюнча шектүү кармалды


Орусияда тополоңго алып келген киши өлтүрүү боюнча шектүү киши кармалгандыгы кабарланды.

Москванын полициясы жекшемби күнү мигранттарга кастарын тиккендер менен полициянын кагылышуусуна алып келген киши өлтүрүү боюнча шектүү киши кармалгандыгын бышыктады.

Мунун алдында ушул эле орган Азербайжандын жараны Орхан Захид-оглу Зейналов жана Москванын 25 жаштагы тургуну изделип жаткандыгын бүгүн эртең менен билдирген эле. Москванын Бирюлева базарына нааразылардын тобу кол салганда, бардыгы болуп 23 киши жараат алган.

Азербайжандын ички иштер министринин маалымат катчысы Ехсан Захидов бүгүн Зейналов боюнча Орусиянын мыйзамды коргоо органдары менен Бакынын өкмөтү кызматташууга даяр экендигин бышыктады:

- Орхан Зейналов деген кишини камакка алуу өтүнүчү болгон жок. Бул кишинин ысмы Азербайжандагы издөөдөгү кишилердин тизмесинде болгон эмес, азыр да жок. Бизге аны камакка алуу өтүнүчү болгон жок. Эгер болсо, биз аны карап көрөбүз.

Москвада полиция 1200 чакты мигрантты кармады. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кармалган 14 кыргыз жарандан сегизи бошотулгандыгын бышыктады.

XS
SM
MD
LG