Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

ЕБ: Иран "өтө пайдалуу" сунуш киргизди


Европа биримдиги ядролук сүйлөшүүдө Иран «абдан пайдалуу сунуш» кригизгендигин билдирүүдө. Европа биримдиги кабарлангандай, Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнүн жаңы айлампасынын башталышында Тегеран бул программага байланышкан талашты жөнгө салуу боюнча жаңы сунуштар менен чыкты.

Женевада өткөн эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин биримдиктин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Михаел Манн Тегеран аки-чүкүсүнө чейин такталган план менен келгенин билдирди.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи өз кезегинде жаңы киргизилген сунуштар убакытты текке кетирбей, башка өлкөлөр менен максаттуу сүйлөшүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деген эле.

Сүйлөшүүгө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана ошондой эле Германия катышып жатат.

XS
SM
MD
LG