Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Крымда эки мечит өрттөлдү


Украинанын Крым аймагында мусулман диниятчылар бүгүн дагы бир мечитке кол салуу болгонун маалымдашууда. Имам Арсен Яглиев "Азаттыкка" бүгүн эртең менен Ровное кыштагында Курман айтка даярдык жүрүп жатканда белгисиз адамдар мечитке өрт коюшканын билдирди. Дүйшөмбүдө Саки шаарында бир мечит өрттөлгөн эле.

"Учурда кылмыш иши башталды, Кылмыш кодексинин 194-беренесинин 2-бөлүмүнө ылайык, өрт коюу аркылуу менчикке атайлап зыян келтирүү же аны талкалоо боюнча тергөө жүрүп жатат" деп билдирди Крым полициясынын маалымат катчысы Ольга Богословска.

Крымда 250 миңдей мусулман жашайт. Көбү крым татарлары. Алар сталиндик репрессияда Борбор Азияга айдалып, бир канчасы 1980-жылдары мекенине кайтып келген.

XS
SM
MD
LG