Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Алматыда бокс таймаш өтүүдө


Алматыда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстандын намысын 9 мушкер коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев маалымдады.

Рингге биринчи 64 килограмм салмактагы Эрмек Сакенов чыгып, ал 3:0 эсебинде Уэльс өлкөсүнүн өкүлү Зака Дэвисти утуп, кийинки таймаштарга жолун ачты. 60 килограмм салмакта Медер Мамакеев Эл аралык бокс бирикмесинин желеги алдында чыккан Малик Викаштан жеңилди.

Бүгүн кечинде рингге 48 килограмм салмактагы Турат Осмонов, 69 килограмм салмакта Эркинбек Болотбек уулу жана 81 килограмм салмакта Александр Панарин чыгып, өлкө намысын талашат.

Мушкерлерди өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, башкы устат Адылхан Бекболотов алып кеткен. Алматыдагы дүйнө чемпионаты 14-октябрда башталган, 26-октябрда жыйынтыкталат. (КМа)

XS
SM
MD
LG