Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Бишкектик жаран маңзат менен кармалды


Сокулукта он килограммдай маңзат алып бараткан жеринен Бишкектин 36 жаштагы тургуну кармалды.

Ал атайын операция менен Курман айт алдында кармалганын "Азаттыкка" Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан бүгүн кабарлашты. Колго түшкөн жаран айдап бараткан "Мерседес" үлгүсүндөгү унаада 10 килограммга жакын марихуана болгон. Унаа ээси менен жанында бараткан жүргүнчү Сокулук райондук милициясында сурак берүүдө.

10-октябрь күнү Аламүдүн районунун жашоочусунун мал сарайынан 7 килограмм марихуана табылган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG