Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Сарууда элдик жыйын болуп жатат


Ысык-Көлдүн Саруу айылында элдик жыйын болуп жатат. Айыл өкмөттүн имаратынын жанына азыр 300дөй киши топтолгонун жергиликтүү тургун Сарыбай Курманов “Азаттыкка” билдирди.

Алар Ысык-Көлдөгү башаламандыкты уюштурган деген айып менен камалган кишилердин баш коргоо чарасын өзгөртүү талабын айтып жатат.
Айыл өкмөт башчысы Талчын Мендибаев элдик жыйын тынч өтөөрүн айтты.

7-октябрда Каракол шаарында кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумуна каршы уюштурулган митинг башаламандык менен аяктаган. Ал боюнча 23 адам кармалып, ону УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган.

Эртеси Караколдогу башаламандык учурундагы камалгандарды бошотуу жана Кумтөр кенин иштетүү боюнча меморандумду жокко чыгаруу талабы менен Саруу айылында митинг болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG