Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Ветеринарларга заманбап билим берилет


Кыргызстандык ветеринарлар дүйнөлүк стандарт менен окутула баштайт. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекцияда Европалык Союздун колдоосу менен заманбап компьютер классы ачылды.

Буга чейин мындай ири техникалык класс болбогондугун адистер белгилешет. Ал жерде ветеринарларга эл аралык деңгээлдеги адистер заманбап ыкмаларды үйрөтөт. Аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкендей, классты ачууга 1 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

Адистер ветеринарияны Кыргызстанда аз көңүл бурулган тармак катары белгилеп келишет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG