Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Текебаев Будвада “Араб жазын” сынга алды


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын күзгү отурумунда “Араб жазы” оң натыйжа бербегендигин айтты. Бул тууралуу фракциянын коомчулук менен иштөө кызматы кабарлады. Отурум Черногориянын Будва шаарында өтүп жатат.

Текебаев докладында Египет, Сирия, Ливиядагы саясий толкундоолор терроризм менен аралашып кеткенин, мындай ыкма менен бийлик алмаштыруу демократияга туура келбестигин айткан. Ал авторитардык режимден демократияга өтүүдө мыкты даярдык болушу керектигин, бул үчүн атайын институттар иштеши зарылдыгын белгилеген.

Будвадагы отурум 13-октябрда башталган, бүгүн жыйынтыкталат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG