Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

Ошто “Менин агам милиция” сынагы жүрүп жатат


Ош облусундагы райондордо “Менин агам милиция” деген аталышта кароо-сынак жүрүп жатат. 8-13 жаштагы мектеп окуучуларынын катышуусунда өтүп жаткан иш-чара Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулган. Ал милициянын коомчулуктагы аброюн жогорулатуу демилгеси менен өтүүдө.

Окуучулар милициянын образын сүрөт тартуу, пластилинден, кагаздан буюм жасоо аркылуу көрсөтүүдө жана милиция жөнүндөгү түшүнүгүн көркөм окуп жатышат.

Сынактын дагы бир шартына ылайык, балдар милициянын түйшүгүн да сүрөттөшөт жана алардын коом үчүн зарылдыгын өз ойлору менен айтып беришет.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” билдиргендей, райондордогу иш-чаранын жеңүүчүлөрү ай соңунда Ошто мелдешет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG