Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Москвада азербайжандык кишини өлтүрүп кетишти


Бирюлеводогу рейд бүгүн Москванын башка райондорунда да кайталанды

Бирюлеводогу рейд бүгүн Москванын башка райондорунда да кайталанды

Анын денесин бүгүн Измаилово районунан табышкан. Бүгүн бир аз мурдараак ушул аптада тополоң чыккан Бирюлево районунда бир өзбек улутундагы кишинин денеси табылганы кабарланган эле. Орусиянын Тергөө комитетинин кабарына караганда, 51 жаштагы өзбек жаранынын жасаты кечээ табылган. Анын денесине бир канча жолу бычак сайылганы айтылууда.

Бирюлеводо абал өткөн жекшембиде улутчул маанайдагы жаштар жер-жемиш базасына чабуул койгондо кескин курчуп кеткен болчу. Мигранттарга каршы болгон жаштардын тобу бул райондо орус улутундагы жарандын өлтүрүлүшүн чет өлкөлүктөрдөн көрүп, массалык тополоң уюштуруп, полиция менен кагылышкан. Егор Щербаковду азербайжандык Орхан Зейналов деген жаран өлтүргөн болушу мүмкүн деп, шейшембиде полиция аны камакка алды.

Мунун алдынан полиция мигранттарга каршы рейд өткөрүп, 1200дөн ашуун кишини камаган. Бүгүн да Москвада 44 чет өлкөлүк эмгек мигранты рейд учурунда кармалганы кабарланууда. “Эл аралык мунапыс” кору мигранттардын массалык камалышы: “Орусиядагы дискриминациялык саясаттын акыркы мисалы”, - деп бийликтердин бул кадамын айыптады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG