Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

АКШда сенаторлор бюджет боюнча мунасага келишти


Кошмо Штаттарынын Сенатында демократтар менен республикачылар дефолтко жол бербей, өкмөттүн ишин толук улантууга мүмкүнчүлүк бере турган келишимге жетише алышты. Сенаттагы демократиялык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид менен республикачылардын башчысы Митчел Макконелл ортосундагы келишимдин маани-маңызы тууралуу азырынча кеңири айтыла элек.

Кризис артта калганы тууралуу кабарлардын артынан Американын фондулук индекстери өсө баштады. Буга чейин өлкөнүн Каржы министрлиги экономикага оор залаканын алдын алыш үчүн мамлекеттик карыздын чегин көтөрүү жана мамлекеттик мекемелерди каржылоо боюнча келишимди бейшембиге калтырбай кабыл алыш зарыл экенин эскерткен. Эми макулдашуу күчүнө кириши үчүн ал Конгресстин эки палатасында тең колдо таап, президент Барак Обама ага кол коюшу керек.

XS
SM
MD
LG