Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:11

АКШ Женевадагы сүйлөшүүнү оң баалады


Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни билдиргендей, америкалык өкүлдөр Женевадагы сүйлөшүүлөрдөгү өзөктүк программа боюнча Ирандын сунушун оң баалашты жана бул багытта Тегеран олутуу мамиле жасай баштаганы көрүндү.

Ошентсе да, Карни бул жолку Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдө олутуу алга жылуу тууралуу кеп козгоо эрте экенин белгилеп, расмий Тегеранды өзөктүк программаны тынчтык максатта гана колдоноорун толугу менен далилдөөгө чакырды. Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон сүйлөшүүлөрдү "негиздүү жана өтө маанилүү" деп атады. Шаршембиде Женевада АКШ, Орусия, Франция, Британия, Кытай жана Германиянын өкүлдөрү менен Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүү аяктады. Кийинки сүйлөшүүлөр 7-8-ноябрда ушул эле шаарда уланмакчы.

XS
SM
MD
LG