Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышуудан баш тарткан жок


Экономика министри Темир Сариев 16-октябрда Бишкекте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга катышуудан баш тартты деген маалыматты төгүндөдү. Министр тескерисинче, соңку учурда иш кыйла илгерилей баштаганын, Кремл бул долбоор боюнча өз милдеттерин аткарарын белгиледи.

Өткөн жылы Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча Орусия менен теңме-тең ээлик кылган келишимге кол коюп, биргелешкен “Камбар Ата-1” ишканасын түзгөн. Бирок тараптардын өз үлүштөрүнө башка тараптарды кошуп алуу укугу бар. Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев өткөн ай этегинде Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кызыкдар экенин билдирген. Бул долбоорго Өзбекстан каршы болууда.(EBM)

XS
SM
MD
LG