Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Тигүүчүлүк тармагынын көйгөлөрү талкууланат


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы текстиль жана тигүүчүлүк тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча тегерек үстөл өтөт. Талкууга тиешелүү министрлик эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана тигүүчүлөр катышат. Германия эл аралык кызматташтык коому уюштуруп жаткан талкууда тигүүчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча программасынын жүрүшү талданмакчы. Бул программа быйыл жыл башында кабыл алынган. Ага ылайык, тигүүчүлүк тармагын колдоого алып, көмүскөдөн чыгаруу жана ирилештирүү каралган.

Кыргызстанда жеңил өнөр-жайдын негизги өзөгүн тигүү тармагындагы ишканалар түзөт. Улуттук стастикалык комитеттин эсебине караганда, былтыр тигүүчүлөр 9 миллард сомдон ашык товар өндүрүп, анын 80 пайыздан ашыгын сыртка экспорттогон. Аталган тармакта 180 миңден ашык адам эмгектенет.(BkA)

XS
SM
MD
LG