Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:51

Бразилия Орусиядан курал-жарак алууну көздөйт


Бразилия курал-жарак үчүн 1 млрд. доллар бөлүүгө даяр экенин коргоо министри Селсу Аморимом Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгунун бул өлкөгө сапары учурунда билдирди.

Аморимомдун билдиришинче, Бразилия бул багыттагы келишимге 2014-жылдан ортосуна чейин кол коюуга ниеттенет. Бул өлкө негизинен Орусияда өндүрүлгөн Панцир С1 зениттик-ракеталык комплексин сатып алууну көздөөдө. Министр Бразилия согуштук учактарды өнүктүрүү жаатында Орусия менен стратегиялык кызматташтык түзүүгө кызыкдар экенине басым жасады. Кийинки жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат жана 2016-жылы Олимпиадалык оюндарды өткөрө турган Бразилия акыркы жылдары аскерий потенциалын көтөрүүгө абдан чоң маани берүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG