Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:16

Алматы: кыргызстандык эки боксчу биринчи таймашта жеңди


Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык боксчулар Эрмек Сакенов менен Эркинбек Болотбек уулу кийинки таймашууларга жолун ачты. 64 килограмм салмактагы Азия чемпионатынын коло байге ээси Эрмек Сакенов 3:0 эсебинде Британиянын Уэльс өлкөсүнүн өкүлү Зака Дэвисти утуп, кийинки таймашка катышуу укугун алды. Эрмектин кийинки атаандашы ирландиялык Рэймондо Моллетти болмокчу. Ал эми 69 килограмм салмактагы Эркинбек Болотбек уулу биринчи таймашында марокколук Мохаммад Раби менен беттешип, атаандашын нокдаун менен жеңди. Ал кийинки таймашта рингге кениялык боксчу Рейтон Окуир менен чыгат.

Дүйнө чемпионаты 14-октябрдан бери өтүп жатат. Кыргызстандын намысын 9 мушкер коргоодо. (КЕ/КМа)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG