Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

Москвадан кыргызстандык үч ымыркай алынып келет


Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери энелери төрөп, таштап кеткен, Москвадагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан ымыркайларды алып келүү үчүн Орусиянын борборуна учуп кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган министрликтен кабарлашты. Балдар Кыргызстанда туугандарына же асырап алуу үчүн үй-бүлөлөргө тапшырылат. Болбосо шаардагы балдар үйлөрүндө тарбияланат.

Адистер акыркы кездери Орусиядагы кыргыз мигранттарынын арасынан төрөп, таштап кеткендер көбөйгөнүн белгилешүүдө. 2011-жылдан бери Москвадан ушундай эле 24 бала алынып келген. Москвадагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан кыргызстандык балдардын улуусу беш, кичүүсү 3 айлык. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG