Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:32

“Кыргызгаз” “КазТрансГазга” 12 млн. ашуун доллар карыз


Ал эми “УзТрансГазга” төлөмдөр өз убагында төлөнүүдө. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында “Кыргызгаздын” башкы директору Тургунбек Кулмурзаев билдирди. Ушул тапта карызды жабуу боюнча атайын график түзүлдү. 2013-жылдын соңуна чейин карыздан кутулуу пландалууда.

“Кыргызгаз” ишканасы казак тарап менен 1-октябрга чейин, ал эми “УзТрансГаз” менен жаңы жылга чейин келишим түзүлгөн. Маалыматка ылайык, коңшулар көгүлтүр оттун акысын алдын ала төлөөнү талап кылышат. Эми келерки айларга газ сатып алуу боюнча казак тарап менен сүйлөшүү жүргүзүлмөкчү.

“Кыргызгаз” ачык акционердик коому ушул жылдын 26-июлундагы Кыргызстан менен Орусиянын газ тармагында кызматташуу келишимине ылайык, Орусияга өткөн. Документ Жогорку Кеңешке сентябрда берилген. Парламент жакынкы күндөрү келишимди ратификациялоо маселесин карайт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG