Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:16

АКШ жана ЕБ Иран менен сүйлөшүүгө оң баа берди


Шаршемби күнү Женевада Ирандын ядролук программасы боюнча Р5+1 менен Ирандын өкүлдөрүнүн эки күндүк сүйлөшүүсү бүттү. Ак үйдүн билдиришинче, АКШ делегациясы сүйлөшүүдөгү Ирандын билдирүүсүн “аябай пайдалуу” деп тапкан жана жасаган сунушун мурдагыдан “мазмундуу жана олуттуу” деп баалаган. Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псаки кечээ журналисттерге:

-Биз жаңы өкмөт менен бул маселеде түрдүү көз караштабыз. Биздин алар менен сүйлөшүүбүздүн деңгээли мурдагыдан айырмаланып турат,- деп билдирди.

Вашингтон ошол эле учурда Иран өзүнүн ядролук программасы атомдук бомба жасоого эмес, тынчтык максатын көздөөрүн далилдеш керек деп эскертти.
Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон сүйлөшүүнү “маңыздуу” жана “абдан пайдалуу” деп мүнөздөдү. Британия, АКШ, Франция, Германия, Кытай, Орусия жана Иран ортосундагы келерки бийик деңгээлдеги сүйлөшүү 7-8-ноябрда кайра эле Женевада болот.

XS
SM
MD
LG