Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

Жыл башынан бери 79 окуучу өз жанын кыйган


Бул тууралуу бүгүн мектептеги рэкетчиликти кыскартуу маселесине арналган өкмөттүк жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдургүл Кендирбаева билдирди. Анын айтымында, жанынан кечкен өспүрүмдөрдүн 78% колунда бар, ата-энелүү үй-бүлөдөн чыккан.

Министрликтин адиси Гүлшан Абдылдаева “Азаттыкка” курган маегинде өмүрүнө кол салуу фактыларынын негизги себеби үй-бүлөдөгү көйгөйлүү маселелерге байланыштуу экенин билдирген. Анын айтымында, басымдуу бөлүгү асынып өлүшөт.

- Үйдөн балага тарбия бериш керек. Азыр баланы карабай, укпай калгандар көбөйдү. Бул коомчулуктун чоң көйгөйү. Азыркы шартта балдарды үйдөн туруктуулукка, сабырдуулукка жана токтоолукка тарбиялаш керек, - деди Абдылдаева.

Министрлик мыйзамга “баланын жасаган кылмышы үчүн ата-эне да жоопкерчилик тартсын” деген өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Өткөн жылы өз жанын кыйган мектеп жашындагы өспүрүмдөр саны 76га жеткен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG