Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Нобел сыйлыгынын лауреаттары «гринписчилерди» коргошууда


Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын 11 лауреаты, анын ичинде ирандык укук коргоочу Ширин Эбади жана түштүк африкалык епископ Десмонд Туту Орусия президенти Путинге “Гринпистин” активисттерин каракчылык кылды деп айыптоого жол бербөөгө үндөштү.

Алар катта 30 жаратылышты коргоочуну пираттык кылды деп айыптоого жол бербөө үчүн колунан келгендин баарын жасоону, башка айыптоолор тагылчу болсо ал эл аралык жана Орусиянын мыйзамына ылайык болсун деп өтүнүштү. Алардын ичинде чет элдик фотограф жана видео журналист да бар.

“Гринпис” жана Arctic Sunrise кемесиндеги 30 активист Арктикада “Газпромдун” мунай өндүрүшүнө каршы акция өткөргөнү жатканда камакка алынган. Алардын арасында чет элдиктер да бар. Эгер аларга пираттык кылды деген айып тагылса, ар бири 15 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG