Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

ВИЧтин коркунучтуу түрү Кыргызстанда экени күмөн


Республикалык “СПИД” биримдиги ВИЧтин жаңы, коркунучтуу түрүн тапкан Новосибирсктеги “Вектор” вирусология борборуна кат жолдогону жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “СПИД” биримдигинин жетекчиси Үмүт Чокморова кабарлады.

- Мен иштеген бир жыл ичинде биз бир да жерге кан же дагы башка анализдерди жөнөткөн эмеспиз. Биз аталган вирусология борборуна эмненин негизинде Кыргызстанда коркунучтуу түрү бар деп айтып жатасыңар деп кайрылганы жатабыз. Менин бул вирус жөнүндө түшүнүгүм жок, - деди Чокморова.

Орусиянын маалымат каражаттары, “Вектор” вирусология борборунун илимпоздору ВИЧтин тез таркоочу, дарылоого мүмкүн болбогон 02_AG түрү табылганын жазып чыгышкан. Жугуштуу илдеттин бул түрү Сибирде, Чеченстанда, Казакстанда жана Кыргызстанда катталганы айтылат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG