Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Италияда массалык иш таштоо болот


Италиянын кесиптик кошуундар биримдиктери 18-октябрда жалпы иш таштоого чыгат. Бул акция – өлкө парламентинин 2014-жылдын бюджет мыйзам долбооруна каршы уюштурулган нааразылык акция. Бул тууралуу "Файненшл таймс" гезити жазды. Иш таштоого байланыштуу 18-октябрда Италиянын Рим, Милан, Флоренция жана Венециядагы ири аэропорттору иштебей, жүздөгөн каттамдар токтотулат. Аны менен бирге коомдук транспорттун бардык түрү иштебейт.

Бюджет долбооруна ылайык, 2014-жылы экономикалык өсүштү шыктандыруу максатында жалпы салык 2.5 миллиард еврого кыскартылат. Бирок "Конфиндустрия" кесиптик кошуундар биримдиги салык жок дегенде 10 миллиард еврого кыскартылышын талап кылып келет.

Италиянын жалпы карызы ички дүң өндүрүмдөн 133 пайыз жогору. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өтүнүчү менен медицина тармагынын чыгымдары кыскартылбайт. Кошумча 500 миллион евро киреше өкмөттүк имараттарды сатуудан тартылат. Европанын үчүнчү ири экономикасы болуп эсептелген Италиянын экономикасы 2011-жылдан бери рецессияда. (BAz)

XS
SM
MD
LG