Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

“Бишкек-Паркта” бомба изделүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Анын айтымында, бүгүн кечки төрттөн кийин белгисиз бирөөлөр милицияга чалып “Бишкек-Парк” соода борборунда бомба бар экенин билдирген. Учурда имараттан сатуучулар жана сатып алуучулар чыгарылып, саперлор менен кинологдор бомбаны издеп жатышат.

Буга чейин да ири соода борборлоруна, мектептерге бомба коюлду деген маалыматтар чыккан. Бирок алардын бирөөнөн да бомба табылган эмес.(КЕ)

XS
SM
MD
LG