Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Энергетика компанияларын ирилештирүү демилгеси айтылууда


Энергетика жана өнөр жай министрлиги учурда тармакты реформалоонун үстүндө иштөөдө. Министрликтин статс-катчысы Батыркул Баетовдун “Азаттыкка” айтымында, реформаны үч багытта жүргүзүү каралууда. Анын ичинде бөлүштүрүү компанияларды бириктирүү маселеси да бар.

- Ошондой бириктирүү жагы да бар. Кээ бир донордук уюмдар да аны колдоп, чыгашалар азаят экен деген ойлорду айтып жатышат. Же тескерисинче, чакан-чакан компанияларга бөлүп, башкаруу жеңил болгудай кылыш керекпи же ушул бойдон калтырыш керекпи деген үч вариант каралууда. Ушул үч вариант боюнча адистер да, саясатчылар да өз ойлорун айтып жатат, - деди Баетов.

“Борбор Азиядагы суу жана суу энергетикалык ресурстарды пайдаланууну иликтөө институту” эл аралык фондунун башчысы Эрнест Карыбеков энергетикалык компанияларды ирилештирүү керек деген оюн айткан. Анын айтымында, Кыргызстандагы бөлүштүргүч компаниялар бир компанияга, ал эми ГЭСтер, Электр линиялары жана “Бишкекжылуулук” тармактары ишканасы дагы бир ишканага бириктирилүүсү керек. (КЕ/AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG