Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Гүлнара Каримова бөлөсү камалганына ишенет


Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун кызы бөлөсү камакка алынганы тууралуу маалыматты ырастады. Гүлнара Каримова шаршемби күнү Инстаграмдагы бетинде таежесинин уулу Акбарали Абдуллаев камалаганы чын экенине ишенгенин жазды. Бирок, ага эмне айып тагылганын жазган жок.

Апта башында uznews.net жаңылыктар сайты аты аталбаган булактарга шилтеп, бир кезде президенттин мураскери болот деп боолгонуп жүргөн Абдуллаев кылмыш топторун уюштурган деп шектелип, өткөн жумада Фергана облусунда камакка алынганын маалымдаган. Акбарали Абдуллаев жана анын апасы Тамара Собировага Ферганадагы мунай иштетүүчү ишкана, Кувасайдагы цемент завод жана башка объекттер таандык экени айтылып жүрөт.

Тамара Собирова президент Каримовдун аялы Татьянанын бир тууганы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG